Аламүдүн районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 3-март күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө бычактан алган жаракатынан улам эркек киши ооруканага жетип каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча Аламүдүн районунун ИИБнүн тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, каза болгон жарандын өздүгүн такташкан. Ал Садовое айылынын 41 жаштагы жашоочусу Ш.Э. экендиги аныкталган. Аламүдүн районунун ИИБнүн кызмакерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында изи сууй электе бул кылмышка шектелип, Садовое айылынын 47 жаштагы жашоочусу П.Е. кармалган. Териштирүү учурунда 3-март күнү болжол менен саат 18:30 каза болгон Ш.Э. жана кылмышка шектүү жаран уруша кетишип, П.Э. бычак менен Ш.Э.нин курсак тарабына сайып жибергенин билдирген. Алдын ала тергөө маалында окуя болгон учурда алар мас абалында экендиги маалым болгон. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *