Жайыл районунда милиция кызматкерлери өспүрүмдөр арасында алдын алуу иш-чараларын жүргүзүштү

2024-жылдын 7-16-майына чейин Жайыл РИИБдин Коомдук коопсуздукту камсыздоо кызматынын Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү, райондук билим берүү жана балдарды коргоо, үй-бүлөнү колдоо бөлүмдөрүнүн кызматерлери, райондук оорукананын дарыгерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөр арасында алдын алуу иш-чарасын жүргүзүшүүдө.
Бул иш-чара Жайыл районунун аймагында жайгашкан баардык орто билим берүү мекемелеринде уюштурулуп, ага өспүрүмдөр, ата-энелер жана мугалимдер катышып, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту, өспүрүмдөр арасында мектеп рэкетчилигин, укук бузуу жана кылмыштуулукту, ар кандай бөөдө кырсыкты, өз өмүрүнө кол салууну, синтетикалык баңги заттарын колдонуудан алыс болуу боюнча алдын алуу максатында өткөрүлүүдө.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөргө жана алардын ата-энелерине аталган багыт боюнча маалыматтар берилип, өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо боюнча түшүндүрүү профилактикалык иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Чүй ОИИББнын Басма-сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *