Жайыл районунда оор кылмышка шектүүлөр кармалышты

2018-жылдын 15-февраль күнү Жайыл районундагы айылдардын биринде эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат райондук ички иштер бөлүмүнө келип түшкөн. Жайыл районунун ИИБнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, жансыз дененин өздүгүн тактоо учурунда ал жергиликтүү 29 жаштагы жашоочу П.А. экендиги аныкталган. Өлүмдүн себептерин аныктоо максатында Жайыл районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык эксперизалар дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгында каза болгон жарандын баш мээсине жаракат алганы аныкталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон. Жайыл районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, жергиликтүү 28 жаштагы А.З. жана 29 жаштагы К.К. атуу жарандар кармалышкан. Териштирүү учурунда окуя болгон күнү каза болгон П.А. тааныш балдар менен эс алып отурушуп, спирт ичимдиктерин ичишип, уруша кетишкен. 29 жаштагы П.А. башына алган жаракатынан улам каза болгон.

Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *