Жайыл районунда хулиганчылыкка шектүү жаран кармалды

 

Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө Чүй облусунун 39 жаштагы жашоочусу Р.Д. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 9-апрель күнү болжол менен саат 20:00 чамасында Кара-Балта шаарынан аны бейтааныш эркек киши мас абалында ур-токмокко алып, денесине залал келтиргенин билдирген. Жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындалып, Жайыл районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Хулиганчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында бул бейбаштыкка шектелип, 41 жаштагы Чүй облусунун жашоочусу Б.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *