Жайыл районунун аймагында коронавирустук инфекциянын таралышын алдын алуу боюнча иш-чаралардын алкагында, милиция кызматкерлери тургундар менен профилактикалык маектешүүлөрдү өткөрүүдө

 

Жайыл районунун аймагында коронавирустук инфекциянын таралышын алдын алуу боюнча иш-чаралардын алкагында, милиция кызматкерлери тургундар менен профилактикалык маектешүүлөрдү өткөрүп жатышат. Бул жолугушуулардын негизги максаты – COVID-19 вирусун жуктуруу коркунучу жана өзүн-өзү изоляция режимин милдеттүү түрдө сактоо зарылдыгын түшүндүрүшүүдө. Тейлөөчү аймакты кыдырып жүргөндө, милиция кызматкерлери райондогу жашаган улгайган адамдарга өзгөчө көңүл буруп келишүүдө, анткени дегенде аталган вируска чалдыгып калышса, жаштарга караганда оор көтөрүп калышы мүмкүндүгүн эске салып алышты. Жарандар менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө өздөрүнүн ден-соолугу үчүн өзүнчө обочолонуу режимин сактоо, тышкы байланыштарды азайтуу жана коомдук жайларга барууну азайтуу зарылдыгын түшүндүрүп келишүүдө. Ак ниеттик менен өзүн-өзү изоляция режимин сактаган жарандардан милиция кызматкерлери тамак-ашка жана медициналык багыттагы буюмдарга муктаждыктары же социалдык кызматтардын жардамына муктаждыгы керек болуп жатса, айтып кетүүлөрүн айтышты. Милиция кызматкерлери райондун бардык тургундарына сабырдылуукту жана коопсуздук чараларын сактоонун маанилүүлүгү эскертилди. Белгилей кетүүчү нерсе, милиция кызматкерлеринин ишинин алдын алуу иш-чараларына, аймактын жашоочуларынын арасынан ыктыярдуу элдик кошуундар активдүү жардам көрсөтүп жатышат.

Чүй ОИББнин басма-сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *