2024-жылдын 8-майында Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги “Улуу Ата Мекендик согуштун” ардагерлери Кошкоро Джаманкулов, Антон Шальнов , Николай Соколов карыяны жана Анна Сабурова апаны жеңиш күнү менен куттукташты. Милиция кызматкерлери согуштун ардагерлерине чын-ден соолук, узун өмүр жана бакубат карылыкты каалап, баалуу белектерди тапшырышты. Өз кезегинде ардагерлер согуш мезгилиндеги учурларды эскеришип, куттуктоо үчүн терең ыраазычылык билдиришти.
Чүй ОИИБнын басма сөз кызматы