Кара-Балта шаарында милициянын лейтенанты Эркин Жолдошбек уулунун жаркын элесине арналган кичи футбол боюнча турнир өттү

Үстүбүздөгү жылдын 8-июнь күнү Жайыл районунун Кара-Балта шаарында милициянын лейтенанты Эркин Жолдошбек уулунун жаркын элесине арналган кичи футболдук турнир болуп өттү. Оюндун ачылышына Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Ногоев Турусбек Молдобекович,  анын орун басары Тилекматов Максат Эркебекович, райондук прокурор Турдумаматов Мамбеталы Нурдинович, Жайыл районунун ИИБнүн башчысы милициянын подполковниги Омуралиев Тилек Кылычбекович жана маркумдун туугандары,  ошондой эле жергиликтүү тургундар катышкан.

Спорттук таймашка, Жайыл, Панфилов, Москва, Сокулук райондук ИИБлөрдүн кызматкерлеринен куралган командалар, андан сырткары ИИМдин Чүй облусу боюнча баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы жана маркум Эркин Жолдошбек уулунун туугандарынан куралган командалардан жалпы 10 команданын ортосунда беттеш кызуу өттү. Оюндун соңунда 1-орунду Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери жеңишип, кубок,  диплом жана 20 миң сом менен сыйланышса, 2-орунга Жайыл районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматынын командасы диплом жана 15 миң сомго ээ болушту, 3-орунга Жайыл районунун ИИБнүн коомдук коопсуздук кызматынын командасы татыктуу болушуп 10 миң сом менен сыйланышты, ал эми 4-орунга Жайыл районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматынын 2-командасы ээлешип,  5 миң сом тапшырылды. Оюнда өзгөчөлөнгөн “Мыкты оюнчу”, “Мыкты чабуулчу”, “Мыкты коргоочу” жана “Мыкты дарбазачы” наамдары татыктуу оюнчуларга тапшырылды. Жолдошбек уулу Эркин 1982-жылы Жайыл районунун Эриктүү айылында туулган.  Ал 2004-жылы ички иштер органдарына жумушка кирип 2008-жылы кызматтык милдетин аткарып жүрүп, кылмышкерлердин огунан курман болгон. Анын элесине арналып Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлеринин ортосунда жыл сайын футболдук мелдеш уюштурулуп, маркумдун өз ишине берилген мыкты сапаттарын кийинки жаштар унутуп калбасы үчүн эскерүү иш-чарасын өткөрүү салтка айланып калды.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *