Кара-Балта шаарында милиция кызматкерлери жол жээгиндеги мыйзамсыз курулуштар жана башаламан соода-сатыктарды ирээтке келтирүү максатында “Укук тартип” аталышындагы рейддик иш-чара өткөрүшүүдө

2024-жылдын 6-7 май күндөрү Жайыл РИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын өздүк курамы жана Кара-Балта шаарынын мэриясынын өкүлдөрү шаар аймагындагы жол жээгинде мыйзамсыз курулуштарды жана башаламан соода-сатыктарды ирээтке келтирүү максатында “Укук тартип” аталышындагы рейддик алдын алуу иш-чара өткөрүшүүдө.
Бул иш-чаранын максаты шаар аймагындагы жол жээгиндеги тилкелерде тиешелүү органдар менен макулдашпастан, соода түйүндөрүн, тамактануу пунктуларын, жарнама такталарын куруу же уюштурууну алдын алуу жана унааларды атайын токтотуучу жайга токтотуу менен жол тыгындарын жоюу.
Иш-чаранын жүрүшүндө өзүм билемдик менен жол жээгинде мыйзамсыз соода жүргүзгөн жана курулуш курган жарандар, унааны туш келди токтоткон айдоочулар аныкталып, аларга Кыргыз Республикасынын Укук буузулар жөнүндө кодексине ылайык протоколдорун түзүлүп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Чүй ОИИББнын Басма-сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *