Кемин райондук милиция кызматкерлери тарабынан мал уурулук фактысынын бети ачылды

Кемин райондук милиция бөлүмүнө 2018-жылдын 21-январь куну 36 жаштагы М.Т.аттуу жергиликтүү тургуну арыз менен кайрылып, белгисиз адамдар Кичи-Кемин айылында жайгашкан кашардан жабырлануучуга тийешелүү бир баш кунажысын уурдап кеткендигин билдирген. Негизи бул мал урдоо фактысы 2016-жылдын 29-30-октябрга караган түнү болгондуктан убактысында жабырлануучу арыз менен кайрылган эместигин билдирген.

2018-жылдын 21-январь күнү Чүй облусунун башкы башкармалыгынын жана Кемин районунун кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн “Розыск” аталышындагы рейд учурунда, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Шамшы айылынын 54 жаштагы К.Р. аттуу жашоочусу кармалган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, Кыргыз Республикасынын КЖК 165-беренесинин негизинде “Мал урдоо” фактысы менен кылмыш иши козголуп,тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *