Кемин районунда “Жөө өткөөл” аталышында алдын алуу иш-чарасы болуп өттү

2018-жылдын 20-март күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан “Жөө өткөөл” аталышындагы рейд иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарада жолдун туш келди жеринен ары-бери өткөн 20 жаранга Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү көдексинин 247-беренеси боюнча протоколдор толтурулуп, андан сырткары 30 жаранга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнү жолдогу кырсыктардан улам жөө жүргүнчүлөр жана автоунаалардын жүргүнчүлөрү жабыркап ал тургай күн сайын жол кырсыгына кабылган жарандардын өмүрлөрү кыйылып жатканы жашыруун эмес. Андыктан жол кырсыктарын алдын алуу үчүн ар бир жол кыймылынын катышуучулары жол эрежелерин сактооосу зарыл экендиги иш-чарада ар бир жөө жүргүнчүлөргө эскертилди.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *