Кемин районунда мал уурдоого шектүү жаран кармалды

Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө Жаңы-Жол айылынын жашоочусу Ш.Ж. арыз менен кайрылып, 28-марттан 29-мартка караган түнү арыз ээсинин мал баккан сарайынан белгисиз адамдар бодо малын уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурулук) боюнча катталып сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Кемин районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн иш-чараларынын натыйжасында,  кылмышка шектүү катары 33 жаштагы Т.А. жана 29 жаштагы К.У. аттуу эки жаран кармалып,  тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Учурда кармалган жарандар башка да кылмыш иштерине тиешеси бар же жок экендиги боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *