Кемин районунда өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Кемин районунун ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жана мектеп мугалимдери менен биргеликте Кемин районундагы №1 жана 3 орто мектептеринде тартип бузууларды алдын алуу үчүн жолугушууларды уюштурушту.

Бул жолугушуунун максаты мектеп рэкетчилиги жана жаш өспүрүмдөр арасындагы өз өмүрүнө кол салууларды алдын алууга багытталган. Андыктан жолугушууга окуучулардын ата-энелери жакындары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана мугалимдердин катышуусунда болуп өттү.  Кемин районунун ИИБнүн жаш өспүрүмдөр иштери боюнча тескөөчүлөр жаш өспүрүмдөр арасында тартип бузууларга жана кылмыштарга токтолуп, кылмыштуулукка барган балдарга убагында ата-энелердин көзөмөлү жетишсиз болуп жатканын кошумчалашты. Милиция жана социалдык кызматкерлер биргеликте алдын алуу иштери жүргүзүлүп жатканы менен ата-энелердин үйдө берген тарбиясы да өтө маанилүү экендиги айтылды. Балдардын жүрүм-турумуна тынымсыз көзөмөл кылуу учурдун талабы. Себеби, алар бош убактыларын пайдалуу нерселерге жумшоосу өспүрүмдөрдү терс жолдорго баруусун алдын алааары бышык

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *