Милициянын сержанты Тынчтык Абдрахмановдун жаркын элесине арналган самбо күрөшү боюнча мелдеш Токмок шаарында өттү

2018-жылдын 4-апрель күнү кызмат учурунда курман болгон милициянын сержанты Абдрахманов Тынчтык Карымшаковичтин жаркын элесине арналган “Самбо” күрөшү боюнча мелдеш Токмок шаарындагы спорт комплексинде өттү.
Аталган спорттук мелдешке Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын, райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн жана өз алдынча кызматтардын спортчуларынан түзүлгөн 11 команда катышты.
Бул спорттук таймашка маркумдун жакын туугандары да чакырылган. Спорттук мелдеш 62, 68, 74, 82, 90, 100 жана 100 килограммдан жогорку 7 салмак чен бирдигиндеги балбандардын ортосунда орун алды. Ар бир балбандын даярдыгы жогорку деңгээлде болгондуктан күрөш атаандаштык менен өттү. Тер төгүп машыккан спортчулар атаандаштарынын далысын жерге тийгизип, алдынкы орундарды камсыздашты. Жыйынтыгында командалык эсеп боюнча Чүй облусунун ИИББнын милициянын кайгуул-күзөт кызматынын командасы 3-орунду ээлесе, Чүй районунун ИИБнин командасы 2-орунга чыкты. Ал эми 1-орунду Чүй облусунун ИИББнын борбордук аппаратынын командасы жеңип алышып, жеңүүчүлөргө дипломдор, медалдар, андан сырткары акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жеңишке жеткен командалардын чечими менен акчалай сылыктар маркум Тынчтык Абдрахмановдун жакындарына берилди. Иш-чаранын жыйынтыгында Чүй облусунун ИИББнын башчысынын орун басары, милициянын полковниги К. Жумаев: Кызмат учурунда каза болгон милициянын кызматкери Тынчтык Абдрахмановдун мыкты сапаттарын айтып, мындай эр жүрөк уулду тарбиялаган маркум Тынчтыктын апасына жана жакындарына ыраазычылык билдирип, Тынчтык жумуштун кызыкчылыгы үчүн өз өмүрүн аябаган тайманбас, эр-жүрөк жана Кыргыз элинин сыймыктанган уулу катары ички иштер органдарында анын ысымы эч качан унутулбай, түбөлүк сакталып калаарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, 2015-жылдын 8-ноябрь күнү болжол менен саат 16:45 чамасында Токмок шаарынын ИИБнин нөөмөт бөлүгүнө жергиликтүү жашоочулардан, Токмок шаарындагы айланма жолго жакын жайгашкан каналдан бейтааныш аял кишинин сууга агып баратканы тууралуу кабар келип түшкөн. Окуя богон жерге Токмок шаарынын ИИБнин ыкчам-тергөө тобу жана кайгуул-күзөт кызматынын кызматкерлери жөнөтүлгөн. Алгачкылардан болуп жеткен кызматкерлердин арасынан Тынчтык Абдрахманов бейтааныш аялды куткаруу үчүн сууга секирип түшкөн. Бирок, суу жогорку ылдамдык менен аккандыктан суунун ыргагы менен экөөн тең агып, ошол боюнча алардын жансыз денелери каналдын Чу суусуна кошулган жеринен табылган. Тынчтык Абдрахманов 1989-жылдын 12-октябрында Чүй районунда туулган. Ички иштер органдарында 2013-жылдан тарта кызмат өтөй баштаган. Маркумдун артында эки баласы калган.
Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *