Москва районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 20-декабрь күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Петровка айылынын 59 жаштагы жашоочусу М.К. арыз менен кайрылып, 2017-жылдын ноябрь айынын орто ченинде бир эркек киши анын ишенимине кирип, жүгөрүсүн 30 миң сомго карызга алып, ошондон бери ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирген. Бул окуя боюнча Москва районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Москва районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, Чүй облусунун 25 жаштагы жашоочусу Б.Д. кармалып, күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Кармалган жаран Москва районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *