Москва районунда унаа уурдоого шектүүлөр кармалды

Үстүбүздөгү жалдын 30-май күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Беловодск айылынын 43 жаштагы жашоочусу К.Ж. арыз менен кайрылып 29-майдан 30-майга караган түнү Беловодск айылындагы көчөлөрдүн биринде токтоп турган “Хонда-Одиссей” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз бирөөлөр айдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, кылмыштын бетин ачуу үчүн тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Москва районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектелип жергиликтүү жашы жетелек өспүрүмдөр 17 жаштагы Т.Н. жана 16 жаштагы Э.А. кармалышкан. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *