Москва районунда уурулукка шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 21-февраль күнү Москва районунун ички иштер бөлүмүнө Сретенка айылынын 29 жаштагы жашоочусу О.Б. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 10-январь күнү болжол  менен саат 22:00 чамасында арыз ээсинин үйүнө белгисиз адамдар киришип, уюлдук телефонун уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 8000 сомду түзгөн. Бул окуя боюнча Москва районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон. “Ууру” аталышындагы рейд иш-чарасын жүргүзүү учурунда Москва районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү делип 31 жаштагы Пертовка айылынын жашоочусу К.Ч. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алыган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *