Панфилов районунда бирөөнүн терезесин талкалаган жаран кармалды

2018-жылдын 14-февраль күнү Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнө Каиңды шаарынын 44 жаштагы жашоочусу Г.О. арыз менен кайрылып, 14-февраль күнү болжол менен саат 14:00 чамасында арыз ээсинин үйүнө чала тааныш “Владимир” аттуу жаран келип, ээн баштык кылып, арыз ээсинин үйүнүн терезелерин талкалап, окуя болгон из жашырып кеткенин билдирген. Арыз ээсине 35 миң сом материалдык чыгым келтирилген. Бул окуя боюнча Панфилов районунун ИИБнүн  тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Хулиганчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Панфилов районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн “Ууру”  аталышындагы рейд иш-чарасы учурунда жогорудагы кылмышка шектелип, жергиликтүү 42 жаштагы Д.В. кармалып, териштирүү учурунда мурда бир нече жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы маалым болгон. Кармалгын жаран Панфилов районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *