Панфилов районунда мыйзамсыз курал-жарак алып жүргөн жаран кармалды

2018-жылдын 3-март күнү саат болжол менен 14:00 чамасында “Бандит” аталышындагы рейд иш-чарасы учурда, Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн жана Чүй областынын ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин иш аркеттринин негизинде Вознесеновка айылынан БМВ-525 үлгүсүндөгү автоунаа токтотулуп  аны текшерүү учурунда машинанын ичинен тиешелүү документтери жок газо травматикалык тапанча магазини менен табылган. Унаанын айдоочусу Бишкек шаарынын 27 жаштагы жашоочусу Б.Т. Панфилов районунун ИИБнө жеткирилип, алынган куралга экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *