Сокулук районунда алдамчылыкка шектүү жаран кармалды

Буга чейин Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын жашоочусу арыз менен кайрылып, 2013-жылы чала тааныш аял арыз ээсинин ишенимине кирип, Сокулук районунун аймагынан жер тилкесин алып берем деп убада кылып, 70 миң сом акчасын алып, ушул күнгө чейин бербей жүргөнүн билдирген. Чогултулган материалдардын негизинде Сокулук районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси (Алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон. Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кылмышка шектүү делип, 58 жаштагы Сокулук районунун жашоочусу Т.А. кармалып, Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *