Сокулук районунда алдын алуу рейддик иш-чаралар улантылууда

Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери көлмөлөрдө жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун алдын алуу үчүн рейддик иш-чара уюштурушту. 2019-жылдын 8-9-июль күндөрү саат 11:00 дөн 18:00 гө чейинки убакыт аралыгында Сокулук районунун Күн-Туу айыл айымыгында жайгашкан каналдарда, көлмөлөрдө, суу топтолгон жайларда милиция кызматкерлери текшерүү иштерин жүргүзүштү. Текшерүү учурунда 20 жаш өспүрүм жаш балдар ата-энелеринин же бойго жеткен жакындарынын коштоосу жок сууга түшүп жүргөнү аныкталган. Өспүрүм балдарга өз алдынча келип сууга түшүү кооптуу экендиги эскертилип, ата-энелерине тапшырылган. Айрым балдардын ата-энелери жаш балдарынын сууга түшүп жатканынан да кабарсыз болушкан. Милиция кызматкерлери тарабынан ата-энелерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдарга карата көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгы эскертилди.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *