2018 жылдын апрель айында Сокулук РИИБүнө арыз менен Сокулук районуна карашту Жангарач айылынын 43 жаштагы тургуну кайрылган, себеби 15 апрель күнү болжол менен саат 10:00 чамасында Сокулук айылында жайгашкан мал базарынан өзүнө таандык “Самсунг J-7” уюлдук телефонун белгисиз адам тарабынан уурдалгандыгын билдирген. Бул окуя боюнча тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси менен (Уурдоо) кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш аракетинин жыйынтыгында Сокулук РИИБнүн кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Жыламыш айылынын тургуну Т.Н., кармалып тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда тергөө иш амалдары жургүзүлүүдө.