Сокулук районунун ички иштер бөлүмү тарабынан 30 жаранды алдап ири өлчөмдө зыянга алып келген кылмыш иши тергелүүдө

Мекендештерибизди Түштүк Корея өлкөсүнө жумушка орноштуруп, ал жактан жогорку өлчөмдөгү айлык маяналарды алууну каалагандар үчүн, жумуштардын шарттарын, айлык акыларын көргөзүп, өзүнүн ишенимдүү шериктери менен П.В. аттуу жаран бир нече жарандын шенимине кирип, ири суммадагы акча каражаттарын алып, алдап кеткендиги тууралуу жабырлануучулардын саны учурда 30 га жеткен. Териштирүү учурунда жогорудагы алдамчылыкка шектелген жаран 2017-жылдын күз мезгилинде Түштүк Корея өлкөсүнө жумушка орноштуруу үчүн бир нече жаранга сөз берип, алардын ишенимине кирген соң Түштүк Кроеяга кетүүчүлөрдүн документтерин даярдап, виза ачууга деп 1,5 миң АКШ долларынан 4 миң АКШ долларына чейинки суммадагы акча каражаттарды 30 жарандардан алганы маалым болгон. Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жаран, 2017-жылдын июнь айларында өзүнүн буга чейин жасаган алдамчылык иштери боюнча соттолуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жазаларды аткаруу мамлекттик кызматынын Балыкчы шаарындагы мекемесинде жаза мөөнөтүн өтөөгө өкүм чыгарылган. Бирок, жаза мөөнөтүн өтөө учурунда кайрадан материалдык пайда табуу максатында алдамчылык иштерин улантуу үчүн жаза өтөө жайдан качып кеткени маалым болгон. Бул окуя боюнча ЖАМКнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Эркиндигинен ажыратуу жайынан же камактан качуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Анын жаза өтөө мөөнөтү учурда 9 жылдан ашык калган. 38 жаштагы П.В. Өзбекстан мамлекетинде туулуп өскөн. Ал 2017-жылдын май айында Биринчи май райондук соту тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 166-350- 204-беренелери боюнча 12 жылга эркиндигинен ажыратылган. Кийин ошол эле жылдын жай айында Бишкек шаардык соту тарабынан П.В. га карата биринчи инстанциядагы соттун чечими өзгөртүлүп, ал 8 жылга эркинен ажыратылып, жаза мөөнөтүн жатак-абагында өтөөгө өкүм чыгарылган. Өткөн жылдын октябрь айында Кыргыз Республикасынын жогорку соту тарабынан Биринчи май райондук сотунун өкүмү күчүндө калтырылган. Алдамчылыкка шектүү жаран өзүнүн иш-аракеттерин улантып, 30 жаранды алдап акчаларын алаган соң Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткени маалым болгон. 2018-жылдын февраль айында ИИМдин жана Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери Казакстан Республикасынын Алматы шаарынын полиция кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында 38 жаштагы П.В. Казакстан Республикасынын аймагынан кармалып, 2018-жылдын август айында Кыргызстанга өткөрулүп берилген. Кармалган жаран Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алынып, Сокулук районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан тергелип, 31 эпизот боюнча айыбы угузулган. Учурда тергөө иштери аяктап, жакынкы убакты кылмыш иши сотко жөнөтүлмөкчү.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *