Сокулук РИИБнин кызматкерлери автоунааны айдап качкан жаранды кармашты

Сокулук РИИБне Жыламыш айылынын 34 жаштагы А.М. аттуу жашоочусу арыз менен кайрылып, 2018-жылдын 26-январь күнү болжол менен саат 00:15 чамасында автоунаасын белгисиз жарандар айдап качып кетишкендигин билдирип, аларга карата тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (Автоунааларды же башка автомототранспорт каражаттарын укукка жат түрдө ээлеп алуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Сокулук райондук милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары Арал айылынын 20 жаштагы М.М. аттуу тургуну кармалган.
Кармалган жаранга карата сот тарабынан үй камагына алуу баш коргоо чарасы көрүлүп, тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучунун автоунаасы табылып, ээсине тапшырылды. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *