Токмок шаарынан зымдарды ууроого шектүү жаран кармалды

Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 2018-жылдын март айынан башынан тарта байланыш түйүндөрүнүн зымдарын кыркып кеткен окуя тууралуу үч арыз келип түшкөн. Алар: 1) 2018-жылдын 5-мартынан 6-мартка караган түнү белгисиз адамдар Токмок шаарынын Охотничая көчөөсүнөн 55 метр зымды кыркып кетикен, 2) 5-марттан 6-мартка караган түнү белгисиз адамдар Токмок шаарынын Дубовицкая жана Родниковая көчөлөрүнүн кесилишинен 40 мерт зымды кыркып кетишкен, 3) 12-марттан 13-мартка караган түнү Токмок шаарынын Зеленная жана Колхозная көчөлөрүнүн кесилишинен белгизиз адамдар 80 метр зымды кыркып кетишкен. Жогорудагы кылмыштуу окуялардан Токмок шаарындагы “Кырыгызтелеком” ААК материалдык зыянга туш келген.

Токмок шаарынын ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында аталган кылмыштарга шектүү делип, Токмок шаарынын 19 жаштагы жашооучус Л.Е. кармалып, териштирүү учурунда анын мурда соттолгондугу маалым болгон. Кылмышка шектүү жаран күнөөсүн моюнуна алып, анын жашаган жеринен кыркылгын зымдын калдыктары жана кылмышка даярдалган шаймандар алынган. Токмок шаарынын ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *