Токмок шаарында каракчылыкка шектелип 3 жаран кармалды

Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 2018-жылдын 3-февраль күнү жергиликтүү 83 жаштагы жашоочу П.Е. арыз менен кайрылып, 3-февраль күнү болжол менен саат 18:50 чамасында 25-30 жаш курактагы европа улутундагы эки жаран, беттерин жашырып, Токмок шаарындагы арыз ээсинин үйүнө киришип, үйдүн кожоюну 83 жаштагы П.Е. жана 55 жаштагы П.В. ларга күч колдонушуп, аларды коркутуп, 50 миң сом акчасын алышып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча Токмок шаарынын ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш-иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-аракеттеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, 33 жаштагы К.Н., 44 жаштагы У.А. жана З.В. аттуу жарандар кармалышып, күнөөлөрүн моюндарына алышкан. Кармалган жарандар Токмок шаарындагы ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *