Токмок шаарында унаа уурдоого шектүү жаран кармалды

2017-жылдын 24-ноябрь күнү Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнө 34 жаштагы жергиликтүү жашоочу К.Т. арыз менен кайрылып, 23-ноябрда түнкүсүн болжол менен саат 23:30 чамасында Токмок шаарындагы кичи райондордун бирине токтоп турган “Фольксваген-Жетта” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар айдап кеткенин билдирген. Бул окуя боюнча топтолгон материалдардын негизинде Токмок шаарынын ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси (Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча кылмыш иши козголуп, Токмок шаарынын ИИБнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда жогорудагы кылмышка шектүү делип, Токмок шаарынын 17 жаштагы жашоочусу Б.С. кармалып, жоголгон автоунаа шаардын четинен табылып, ээсине кайтарылып берилген. Кармалган жаранга Токмок шаардык сотунун чечими менен эч жака кетпөө чарасы тандалган.  Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *