Чүй облустук милиция кызматкерлери тарабынан жанына 6 килограммдан ашык баңгизат алып жүргөн 30 жаштагы жаран кармалды

Аламүдүн районунда ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө мыйзамсыз сакталган 6 килограммдан ашык баңгизат табылган.
2018-жылдын 25-январь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Чүй облусу боюнча БМЖКККнын жана Аламүдүн РИИБнин кызматкерлери жүргүзүшкөн иликтөө иштеринин натыйжасында, Восток айылынын 30 жаштагы Г.И. аттуу жашоочусунун жашаган жери текшерилип, үйүнүн чатырынан капка салыган кочкул күрөң түстөгү кара куурай жыттанган өзгөчө жыты бар зат табылган. Алынган зат экспертизага жөнөтүлүп, жыйынтыгында жалпы салмагы 6 килограмм 280 граммды түзгөн баңгизат болуп чыккан.
Бул иш-чара кинология борборунун кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлүп, бул борбордун “Баска” аттуу атайын үйрөтүлгөн кызматтык ити колдонулган.
Азыркы учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *