Чүй облусунда жарандардан опузалап акча талап кылган эки жаран кармалды

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын жашоочусунан жана анын жакындарынан бейтааныш адамдар опузалап акча талап кылып жатканы аныкталып, жогорудагы окуя Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн кылмыштарды каттоо китепчесине катталган.
Бул окуя боюнча чогултулган материалдардын негизинде Аламүдүн районунун ИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Опузалап талап кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, Чүй облусунун аймагында 20 миң сом алып жатышкан жеринен эки жаран кармалышкан. Алардын мурда соттолгондугу аныкталып, Токтогул районунун 34 жаштагы Т.И. аттуу жашоочусу ИИМдин ыкчам алдын-алуу каттоосунда тургандыгы маалым болгон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *