Чүй облусунда “Лидер” аталышындагы кылмыштуулукту алдын алуу иш-чарасы болуп өттү

Жаш өспүрүмдөр арасында тартип бузууларды, кылмыштуулукту жана мектеп рекетчилигин алдын алуу үчүн комплекстүү иш-чаралар өткөрүлүп келгени менен жаш өспүрүмдөр арасындагы криминогендик абал кооптонууларды жаратып, ал тургай жаш өспүрүмдөрдүн оор жана өзгөчө оор кылмыштарга катышкандыгы жок эмес.

Ушул өңдүү жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу максатында Чүй облусу боюнча 2018-жылдын 15-февралынан 17-февралга чейин “Лидер” аталышындагы алдын алуу иш-чаралары болуп өттү.

Чүй облусунун аймагындагы ИИОнун кызматкерлери, билим берүү мекемелеринин, үй- бүлөө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик админстрацияларынын алдында түзүлгөн балдардын иштери боюнча комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусундагы биргелешкен иш-чара учурунда кафе-барлар, түнкү оюн-зоок клубдар, мейманканалар жана башка коомдук жайларда түнкүсүн ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр текшерилип, ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

«Кыргыз Республикасынын балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу тууралуу” мыйзамынын негизинде түнкү убакыт жай мезгилинде (1-июндан 31-августка чейин) 23:00 дөн 06:00 гө чейин ал эми калган мезгилдерде 22:00 дөн 06:00 гө чейин жаш өспүрүмдөр үчүн ата-энесинин жана жакындарынын коштоосу жок көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Жогорудагы көрсөтүлгөн мыйзамдын талаптарын аткарбай, өз алдынча түнкүсүн коомдук жайларда жүргөн 11 жаш өспүрүм кармалып, алардын ата-энелерине Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 65-1-беренеси (Балдардын ден соолугуна зыян келтирүүнүн алдын алуу жана алардын өнүгүүсү боюнча чараларды камсыз кылууга карата талаптарды сактабоо) боюнча жоопкерчиликке тартылышты. Андан сырткары, 4 өспүрүмдүн чылым чекендиги аныкталып, аларга карата Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 85-1-беренеси (Жарандардын ден соолугун тамекинин зыяндуу таасиринен коргоо жөнүндө мыйзамдарды бузуу) боюнча протокол толтурулган.

“Лидер” иш-чарасы учурунда жаш өспүрүмдөр катышкан 3 кылмыш ишинин бети ачылып, андан сырткары 3 издөөдө жүргөн өспүрүм табылып ата-энесине кайтарылып берилген.

Облус боюнча 57 ата-энелер чогулушу жана 16 тегерек стол уюуштурулуп, бул жолугушууларда мектеп окуучулары арасында мектеп рэкетчилигин алдын алуу боюнча талкуу болуп, ар бир катышуучу ата-эне өз ойлорун айтышып, рэкетчиликти жөнгө салуу үчүн сунуштарын беришти.

Ал эми, билим берүү мекемелеринде “Мектеп рэкетине жол жок”, “Патриоттуулук” жана “Мыйзам алдында менин жоопкерчилигим” аталышындагы 214 лекция жана талкуу өткөрүлдү.

 

  

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *