Чүй облусунда мал уурулукка шектүү жарандар рейд иш-чарасы учурунда кармалышты

 

Чүй облусу боюнча милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн “Мал ууру, Каракчы” аталышындагы рейд иш-чарасы учурунда мурда катталган 7 мал уурулуктун бети ачылган. Алар: Москва районунда 2 кылмыш, Жайыл районунда 4 кылмыш жана Панфилов районунда 1 кылмыш ишине шектүүлөр колго түшүрүлгөн.  Уурдалган малдардын 8 башы ири мүйүздүү бодо мал болсо 2 баш майда мал жандыктар болгон. Арыз ээлерине келтирилген жалпы материалдык чыгым 250 миң сомду түзгөн. Кармалган жарандардын үстүнөн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда жер-жерлердеги ички иштер бөлүмдөрүндө тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жарандар малдарын сарайларга байлап же кайтарып жүргөнү менен мал уурулук баары бир катталып келүүдө. Ар бир мал ээлери малын уурдатып, бөөдө чыгымдарга туш келбеси үчүн малдарды коопсуз жерлерге кайтарып, сарайларды ишенимдүү бекитип, өз убагында көзөмөлдөп туруусу зарыл жана мал уурулугуна жол берилбейт.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *