Чүй облусунун аймагында ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо, коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу максатында үстүбүздөгү жылдын 18-февралынан 31-мартка чейин “Арсенал” аталышындагы комплекстүү алдын алуу рейд иш-чарасы өткөрүлүүдө.
Аталган иш-чарага Чүй облусунун ИИОнун коомдук коопсуздук кызматынан, кылмыш иликтөө кызматынан жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринен 300дөн ашуун кызматкерлер тартылган.
Рейддин жүрүшүндө курал-жарак сактаган 2 жеке күзөт аганттиктери, 498 газ травматтык курал сактаган жарандар жана 1852 аңчылык сүйүүчүлөр текшерилди.
Анда укук бузуулар боюнча 85 протокол толтурулду. Андан сырткары 13 ок атуучу курал-жарак алынган. Алардын 8 сайсыз курал, 5 газ травматтык курал-жарактар.
Милиция кызматкерлери тарабынан 53 миң сомдон ашуун айыптар салынган.
Ошондой эле 2 газ травматтык куралдар, 2 кесилип даярдалган курал жана 50дөн ашуун ар түрдүү калибрдеги ок-дарылар алынып, ал боюнча 4 жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылган.
Жарандар тарабынан милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен 11 сайсыз курал жарактар тапшырылган.
Чүй ОИИББы эскертет: Ок атуучу куралды (аңчылык сайсыз куралды жана анын ок-дарыларын кошпогондо), ошого тете ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыруучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сатып алуу, берүү, сатып өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.