8-март айымдардын эл аралык майрамына карата Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Сарчаев Нурлан Асанбекович милициянын ардактуу эс алуудагы ардагер айымдарын куттуктады.
2018-жылдын 6-март күнү Чүй облусунун ИИББнын отурум залында милициянын ардактуу эс алуудагы айымдарын Н.Сарчаев өзүнүн, Чүй ОИИББнын жетекчилигинин жана өзүк курамдын атынан куттуктап, бүгүнкү күнү ардагерлер урмат-сыйга гана татыктуу экенин кошумчалап,аларга чың ден-соолук каалап, үзүрлүү эмгектин артында дөөлөттүү карылыкты сүрүшүнө тилектештигин билдирип, ардагерлер ИИОнун ар бир иш-чараларына активдүү катышып, милицияны элге жакындатууда көп жумуштарды аткарып жатканын кошумчалады.
Ардагерлер кызмат учурларын эске салышып, Чүй ОИИББнын жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.
Иш-чаранын соңунда ардегерлерге атайын даярдалган белектер тапшырылды.