Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери Красная Речка айылындагы балдардын интернат-мектебине жардам көрсөтүштү

1-июнь -Балдарды коргоонун эл аралык күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери Красная Речка айылында жайгашкан кароосуз калган балдардын интернат-мектебине жардам көрсөтүп келишти. Ар майрам сайын Красная Речка айылында жайгашкан интернат-мектептин тарбиялануучуларына Чүй облусунун ИИББнын өздүк курамы колдон келген жардамдарын көрсөтүп келишет. Бул жолу интернат мектеп үчүн зарыл болгон кир жуучу каражаттарды жана кеңсе буюмдарын андан сырткары кийим-кечектер тапшырылды. Чүй облусунун ИИББнын кызматкерлери жетекчиликтин жана өздүк курамдын атынан балдарды майрамы менен куттуктап, бардык балдар балалыктын доорун бактылуу өткөрүшүнө тилектештигин билдиришти. Андан сырткары бүт өмүрлөрүн балдарды тарбиялоого арнап, мындагы балдарга мээрим төгүп өстүрүп жаткан интернат-мектептин кызматкерлерине жылуу сөздөр айтылды. Мектеп интернатта тарбияланган балдар үчүн Чүй облусунун ИИОнун кызматкерлери ар бир даталуу күндөрү колдон келген жардамдарын көргөзүп келишүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *