Чүй ОИИББда ант берүү аземи өттү

2018-жылдын 23-февраль күнү Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын милициянын кайгуул-күзөт кызматынынын саптык майданында Чүй облусунун ИИББнын жана милициянын кайгуул-күзөт кызматынын  өздүк курамынын катышуусунда жаңы кызматка киришип жаткан жаш кызматкерлердин ант берүү аземи болуп өттү. Ант берүү ар бир жигит үчүн сыймык, жана ардактуу. Себеби, Кыргыз элинин тынчтыгын, бейпилдигин, малекеттин жана коомдун коопсуздугун сактоо үчүн мамлекеттин кызылыгы жана бүтүндүгү үчүн өз өмүрүн да аябай ак кызмат кылуу даяр экенин коомчулуктун алдында билдирүү.

Бүгүн 22 жаш кызматкер салтанаттуу ант беришти. Бул аземге Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Н.Сарчаев жана орун басарлары, Чүй облусунун ИИББнын ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Асанаов  жана жаш кызматкерлердин жакындары катышышты.

Чүй облусунун ИИББнын башчысы милициянын полковниги Н.Сарчаев ант берген кызматкерлерди куттуктап, алардын иштерине ийгиликтерди каалап, элдин кызыкчылыгы үчүн ак кызмат кылууга чакырды. Ардагерлер кеңешинин төрагасы А.Асанов милиция кызматында жоопкерчилик жогору экендигин белгилип, учурда кызматкерлердин жүрүм турумуна жетекчиликтен сырткары коомчулук да өз баасын берээрин кошумчалады.

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *