Чүй ОИИББдин  бөлүмдөрү коронавирус  илдетинин жайылышын алдын алуу боюнча алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат

Чүй облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери коронавирустук инфекциянын таралышын алдын алуу боюнча профилактикалык жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Чүй облусунун милиция кызматкерлерине райондук администрациянын жана ыктыярдуу улуттук командасынын өкүлдөрү профилактикалык иш-чараларды өткөрүүгө активдүү көмөк көрсөтүшүп, ошону менен бирге калк арасында өзгөчө кырдаалдардын эрежелерин сактоо, жеке гигиена эрежелерин сактоо боюнча кеңири масштабдуу маалыматтык иштер жүргүзүлүүдө. Айдоочуларга жана аймактын жашоочуларына коронавирус илдетинин кантип жайылтпоо жөнүндө маалымат баракчалары таратылды. Мындай иш-чаранын негизги максаты – бул сактык чаралары жөнүндө мүмкүн болушунча көп адамдарга эскертүү. Кооптуу вирустун жайылуу коркунучу болгондуктан, учурда түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Патрулдук көзөмөл учурунда катуу үн чыгаруучу түзүлүштөрдү колдонуп, милиция кызматкерлери тургундардан азыркы учурда колдонулуп жаткан эрежелерди жана чектөөлөрдү сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурушууда.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *