Чүй ОИИББи: Токмок шаарындагы өспүрүм кыздын окуясы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет

2019-жылдын 4-июнь күнү Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер башкармалыгына аймактык ооруканадан телефон чалуу болуп, 2004-жылы туулган жашы жете элек кыз кош бойлуу болуп кайрылганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат тууралуу Токмок шаарынын ИИБге дагы кабарланган. Жогорудагы окуя Токмок шаарынын ИИБү тарабынан кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 161-берениси (Зордуктоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Токмок шаарынын ИИБнүн кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектелип 41 жаштагы Токмок шаарынын жашоочусу К.М. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. 2019-жылдын 9-июнь күнү Токмок шаардык соту тарабынан кылмышка шектүү К.М. аттууга карата эч жакка кетпөө боюнча бөгөт чарасы тандалган.

2019-жылдын 9-июнь күнү болжол менен саат 23:00 чамасында Токмок шаарынын аймактык ооруканасына жогорудагы өспүрүм кыз А.Ж. өз өмүрүн кыюу үчүн уксус кислотасын ичип түшкөнү тууралуу маалымат шаардык милицияга билдирилип, бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Өспүрүм кыздын айтуусу боюнча, 2018-жылы Токмок шаарындагы үйлөрдүн биринде зордукталгандыгынын кесепетинен боюнда болгондугу  маалым болгон. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында зарыл болгон экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери улантылууда. Ал эми милиция кызматкерлери жабырлануучуга орой мамиле жасады деген сөздөр чындыкка дал келбейт жана ойдон чыгарылган. Ал тургай өспүм кыздын боюнда бар экендиги белгилүү болгондо да анын жакын тууганы ички иштер органдарына арыз жазуудан баш тарткан.

Чүй ОИИББы маалымат катары билдирет: Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 108-беренеси “Бөгөт коюу чарасын колдонуунун тартиби” боюнча, кармалган жарандын баш коргоо чарасын прокурордун өтүнүчү боюнча тергөө соту кабыл алат. Ал эми жогорудагы окуя боюнча ИИО кызматкерлери прокуратурага өтүнүч кылып, көзөмөл органы шектүү жаранды камакка алуу боюнча өтүнүч келтирген. Бирок Токмок шаардык соту тарабынан шектүү 41 жаштагы К.М.ге эч жакка кетпөө чарасы кабыл алынган. Жабырлануучулардын кылмышка шектүүнү милиция кое берди дегени чындыкка туура келбейт жана бөгөт коюу чарасы милициянын компетенциясына кирбей тургандыгын билдиребиз. Учурда бул окуя боюнча тиешелүү кызматтар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *