Чүй районунда автоунаа уурдоого аракет кылган жаран кармалды

 

2018-жылдын апрель айынын башында Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө жергиликтүү 30 жаштагы жашоочу С.М. арыз менен кайрылып, үстүбүздөгү жылдын 8-апрелге караган түнү бейтааныш адамдар анын Чүй айылында токтоп турган автоунаасын уурдап кетүүгө аракет кылганын билдирген. Бул окуя боюнча Чүй районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 28-172-беренелери (Автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алууга далалат кылуу) боюнча кылмыш иши козголгон. Чүй районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралынын натыйжасында бул кылмышка шектүү делип, 31 жаштагы А.Э. кармалып, териштирүү учурунда кылмышка шектүү жаран мурда сот жообуна тартылгандыгы маалым болгон. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *