Чүй районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

2019-жылдын 3-май күнү Чүй районунун ички иштер бөлүмүнө Чүй айылынын 62 жаштагы жашоочусу Д.А. арыз менен кайрылып, 2018-жылдын июнь айында Л.Т. аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип 18 даана кийим тигүүчү машинелерди ижарага алып ушул күнгө чейин же машинелерин кайтарбай же акчасын төлөбөй келгенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, тергөө кызматы тарабынан кылмыштын бетин ачуу үчүн тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилген. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Чүй районунун ИИБнүн криминалдык милиция кызматы тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 41 жаштагы Л.Т. кармалып тергөө кызматына өткөрүлүп берилген. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *