Ыссык-Ата РИИБнүн кызматкерлери тарабынан уурдоого шектүү жаран кармалды

2018-жылдын 15-январь күнү арыз менен Пригородный айылынын 55 жаштагы турнугу С.Ш., кайрылган, себеби 2017-жылдын 20-декабрь күнүнөн баштап 2018-жылдын 5-январькунүнө чейинки убакыт аралыгында белгисиз адамдар арыздануучунун Кант шаарында жайгашкан көмүр сактоочу складынан ар кандай техиниксыгн жана электр буюмдарын уурдап кетишкен. Натыйжада 89000 сомго материалдык зыян келтирилген. Бул факты боюнча Ыссык-Ата РИИБү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164 беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иш козголгон. Ыкчам иш аракеттердин негизинде Ыссык-Ата РИИБнүн кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Милянфан айылынын тургуну Б.Ю., кармалып, Ыссык-Ата РИИБнүн убактылуу кармочуу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иш амалдары жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *