Ыссык-Ата РИИБнүн кызматкерлери тарабынан 2 адам хулиганчылык менен кармалды

2017 жылдын 9 январь Ыссык-Ата РИИБүнө 28 жаштагы Л.Р., арыз менен кайрылып, ал арызында 2017 жылдын 8 январ куну болжолу менен 23:30 чамасында Чуй облусуна караштуу Кең-Булун айылынан азиат улутундагы болжол менен 25-30 жаштагы белгисиз балдар хулиганчылык жолдору менен арыздануучуну жана анын достору Кең-Булуң айылынын жашоочусу 1993-ж.т. И.В., жана, Кең-Булуң а. жашоочусу . 1988-ж.т. К .Э., эч себепсиз сабап денесине ар кандай жаракат келтирилген. Бул окуя боюнча Ыссык-Ата районунун ИИБнун кызматкерлери тарабынан жургузулгон ыкчам иш- аракеттердин натыйжасында кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары 28 жаштагы Т.К., жана 29 жаштагы М.А., кармалым аларга карата Ыссык-Ата районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Хулиганчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *