2018-жылдын 1-январь күнү Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнө ошол эле райондун 25 жаштагы жашоочусу С.Э. арыз менен кайрылып, 2017-жылдын 31-декабрында түнкүсүн арыз ээсинин сарайынан белгисиз адамдар анын 1 баш байталын уурдап кетишкенин билдирген. Бул окуя боюнча Ысык-Ата районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Чүй облусунун ИИББнын жана Ысык-Ата районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү делип, Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын жашоочулары 25 жаштагы Д.М., 19 жаштагы А.Д. жана 23 жаштагы К.Б., А.И. аттуу жарандар кармалышкан. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.