Daily Archives: 09.02.2022

Жайыл районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды

  2022-жылдын 4-февраль күнү Жайыл районунун ИИБүнө Бишкек шаарынын жашоочусу Э.Э. аттуу аял телефон чалып, анын Кара-Балта шаарында жашаган 68- жаштагы апасы Э.Ж. бир нече күндөн бери байланышка чыкпай жатканын билдирген. Жогорудагы маалыматты текшерүү үчүн көрсөтүлгөн дарекке Жайыл РИИБдүн кызматкерлери чыгышкан. Милиция кызматкерлери барган учурда үйдө ал аял жок болгон, милиция кызматкерлери кошуналардан сураштырып үйлөрдүн эки жактарын караштырышкан. Издөө учурунда …

Read More »

Аламүдүн районунда жол эрежесин сактоо боюнча орто мектепте иш-чара өткөрүлдү

2022-жылдын 9-январында Аламүдүн районунун Ленин айылындагы В.И Ленин атындагы орто мектебинде Аламүдүн РИИБдүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана Аламүдүн району боюнча ЖКККБнын кызматкерлери биргеликте жол эрежелерин сактоо боюнча окуучуларга алдын алуу иштерин жүргүзүштү. Башталгыч класстардын окуучуларына класс жетекчилеринин катышуусунда жол эрежелерин сактоо боюнча лекциялар окулуп, жол белгилери тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Мектеп окуучулары жол эрежелерине байланышкан суроолорун узатышып, жоопторун алышты. …

Read More »

Панфилов районунда жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу иштери улантылууда

2022-жылдын 9-февраль күнү Панфилов районунун Букара айылында жолугушуу болуп өттү. Аталган жолугушууга Панфилов райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү, Панфилов РИИБдүн жетекчилиги, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары жана жергиликтүү тургундары катышышты. Алгач район аймагындагы көйгөйлүү маселердин бири болгон, эгиндерди суугару мезгилине чейин каналдарды тазалоо жана башка жумуштар боюнча көрүлүп жаткан даярдыктар жана башка аткарылып жаткан жумуштар айтылды. Ошондой эле Панфилов РИИБдүн жетекчилиги жергиликтүү …

Read More »

Чүй облусунда оор кылмышка шектелген жаран кармалды

Үстүбүздөгү жылдын 8-февралында Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө айылдардын биринен ээси жок унаа табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу ээси жок «Тойота Лэнд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү унаанын жанынан 100 метр аралыкта киши колдуу болуп өлтүрүлгөн (бир нече жолу бычактан алган жаракаттары менен) адамдын жансыз денеси табылганын аныкташкан. Милиция кызматкерлери өлгөн жарандын  өздүгүн аныктап, ал  Бишкек шаарынын тургуну 56 …

Read More »

Оор кылмыш боюнча издөөдө жүргөн Чүй облусунун жашоочусу Россия Федерациясынан экстрадицияланды

2014-жылы атайлап саламаттыкка анча оор эмес залал келтирүү жана киши өлтүрүүгө аракет кылуу беренелеринин негизинде издөөдө жүргөн Чүй облусунун жашоочусу Россия Федерациясынан аймагынан кармалып, өз мекенине экстрадицияланды. Аламүдүн районунун ИИБүндө 1993-жылы туулган К.М. аттуу жаранга карата Кыргыз Республиксынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренеси (Саламаттыкка атайылап анча оор эмес залал келтирүү) жана 28-97-беренелери (Киши өлтүрүүгө аракет кылуу) боюнча издөө жарыяланып, ал тергөө жана …

Read More »