29-30-март күндөрү Чүй облусунун аймагында “Беспризорник” аталышындагы рейди өттү

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын, райондук-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн, билим берүү мекемелеринин, үй-бүлөө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн, райондук мамлекеттик админстрацияларынын алдында түзүлгөн балдардын иштери боюнча комиссиясынын өкүлдөрүнүн катышуусунда “Безпризорник” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту, зордук-зомбулукту алдын алууга багытталды.
Аталган иш-чарага облус боюнча 313 милиция кызматкери жана 115 жергиликтүү бийлик өкүлдөр катышып, жаш өспүрүмдөр жана туруктуу жашаган жери жок жарандар көп чогулган 173 жайлар текшерүүгө алынды. Базар жана соода түйүндөрү-19, жер төлө жана жылуу түтүктөр өткөн жайлар-62, компьютердик клубдар-60 жана башка 32 коомдук жайлар текшерилип, жыйынтыгында көчөдө кайырчылык кылган 6 жаш өспүрүм аныкталып, алар интернаттарга, балдар үйлөрүнө жайгаштырылды.
Андан сырткары, 21 жаш өспүрүмдүн сабакка барбай жатканы такталып, алардын ата-энелери жана жакындары менен биргеликте түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, орто мектептерге жөнөтүлдү.
Рейд учурунда жаш өспүрүмдөр катышкан 7 кылмыш ишинин бети ачылып, тергөө бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилген. Ошондой эле, 3 издөөдө жүргөн өспүрүмдөрдүн жүргөн жерлери такталды. Биргелешкен иш-аракеттердин натыйжасында, 9 аз камсыз болгон үй-бүлө жана иштеп акча табууга аракет кылып жүргөн 27 өспүрүмдөр аныкталды. Рейд учурунда аныкталган жагдайларды жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте чечүү үчүн зарыл болгон иштер жүргүзүлүүдө.

Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *