72 жаштагы Тамара апага “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды

Чүй облусунун ИИББнын башчысы милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович 8-Март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата Раева Тамара Раевнага “Офицердин жубайы”  медалын тапшырды.

Тамара апанын жолдошу Ишеналиев Кубатбек Ишеналиевич ички иштер органдарында 30 жылдан ашык кызмат өтөп милициянын полковниги наамына жеткен. Ал 1974-жылы аскерге чакырылып, аскердик кызмат өтөгөн соң ИИОдо кызмат өтөөнү максат кылып, СССР  ИИМдин Чебоксар милициянын жогорку мектебинде окуп келген.

Алгач Ленин РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматына кызматка дайындалган. Өз эмгегинин аркасы менен катардагы кызматкерден тарта жетекчилик кызматтарды аркалган. Бишкек шаарынын Ленин РИИБдүн башчысынын орун басары, кийин Талас шаардык ИИБдүн башчысы болуп алгылыктуу жумуштарды алып барган. Анын жетекчи катары жогорку сапаттарынан улам, 1999-жылы жаңы түзүлгөн Баткен облустук  ИИБдүн башчысы кызматына дайындалган. Өзүнүн кесипкөйлүгү жана тажрыйбасы менен Баткен облусунда ийгиликтүү жумуштарды аткарып, кийин Чүй облусунун Токмок шаардык ИИБдүн башчысы болуп дайындалган. Ардактуу эс алууга ошол Токмок ШИИБдүн башчысы кызматынан узатылган. Кызмат өтөгөн жерде өздүк курамдын шартын жакшыртуу жана мыйзам чегинде жумуштарды алып барууну алдыга койгон жетекчи болгонун кол алдындагы кызматкерлер айтып келишет.

Кубатбек ата менен Тамара апа 1 кыз жана 2 уулду тарбиялашып, жогорку билимдүү кылып чоңойтушкан. Эки уулу тең ата жолун жолдоп юридика билимине ээ болушкан. Балдарынын бири прокуратура кызматында эмгектенсе, экинчиси ИИОдо кызмат өтөгөн. Кубатбек Ишеналиев 2013-жылы каргашалуу жол кырсыгына кабылып алган жаракаттарынан улам бул дүйнө менен кош айтышкан.

Жолдошунун Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарына кошкон салымын эске алып, 8-март-Аялдардын эл аралык күнүнө карата “Офицердин жубайы” медалы менен сыйлап жатканына Тамара Раева кубанып, бул сыйлыктын артында анын жолдошунун баа жеткис эмгеги жатканын кошумчалады.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *