Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү кармалды

2022-жылдын 28-февралында Аламүдүн РИИБүнө 1980-жылы туулган А.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда чала тааныш эркек киши анын ишенимине кирип 115 миң сомго автоунаасын алып, алгач 10 миң сомун берип, калган 100 миң сомдон ашык акчасын бербей качып жүргөнүн билдирген.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча катталып, териштирүү иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, буга чейин бир нече жолу соттолгон 1991-жылы туулган А.У. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *