Аламүдүн районунда велосипед уурдоого шектүү кармалды

Чүй облусунун ИИББнын жана Аламүдүн РИИБдүн кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-чараларынын натыйжасында бир нече ведосипед уурдоого шектүү кармалды.

Аламүдүн РИИБүнө Көк-Жар айылынын жашоочуларынан эки арыз түшкөн. Анда белгисиз бирөөлөр Көк-Жар айылынан велосипеттерин уурдап кеткенин билдиришкен. Келтирилген материалдык чыгым 70 миң сомду түзгөн.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, Бишкек шаарынын жашоочусу 2003-жылы туулган Ш.Д. кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Андан сырткары кармалган жарандын Бишкек шаарынын аймагында да ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендиги тууралуу ыкчам маалыматтар текшерилүүдө.

Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *