Аламүдүн районунда төрт бала киши өлтүрүүгө шектелип кармалды

2019-жылдын 29-ноябрь күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, Төмөнкү-Ала-Арча айылынын жашоочусуна кол салуу болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча Аламүдүн РИИБдүн ыкчам трегөө тобу окуя болгон жерге чыгышып териштирүү иштерин жүргүзүшкөн учурда төмөндөгүлөр маалым болгон. Үстүбүздөгү жылдын 29-ноябрь күнү болжол менен саат 20:30 чамаларында 20-25 жаш курактагы бетин медициналык беткап менен жабышкан төрт бала жергиликтүү 46 жаштагы жашоочунун үйүнө киришип, үй ээсинин 19 жаштагы улуу баласына бычак сайышып, үйдүн кожоюну каршылык көрсөтүп ызы-чуу көтөргөндүктөн бейтааныш балдар үйдөн чыгышып белгисиз тарапка из жашырып кетишкен. Жаракат алган 19 жаштагы О.Э. ооруканга жеткирилип, бирок эсине келбей каза болгон.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, тергөө кызматы тарабынан тиешелүү кызматтарга жогорудагы кылмыштын бетин ачуу үчүн тапшырмалар берилип, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Аламүдүн районун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде 30-ноябрь күнү жогорудагы кылмышка шектелип, 19 жаштагы Б.С., М.Ж., 21 жаштагы Р.Б. жана 18 жаштагы Ч.Ш. аттуу жарандар кармалышып, убактылуу  кармоочу жайга камакка алынган. Зарыл болгон экспертизалар дайындалып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *