Аламүдүн районунда 12-14-февраль күндөрү “Лидер” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы болуп өттү

Аталган рейд  иш-чарасы учурунда Аламүдүн районунун аймагында алдын алууга багытталган 112 иш-чаралары уюштурулду. Милициянын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн өкүлдөрү менен бирге жаш өспүрүмдөр көп барган коомдук жайларда текшерүү иштерин жүргүзүштү. Андан сырткары ата-энелер менен жолугушуулар болуп, балдардын жүрүм-турумуна көз салуу зарыл экендигин эскертишип өспүрүмдөр арасында, чылым чегүү, спирт ичимдиктерин ичүү жана компьютердик клубдарда убакыт өткөрүүнүн терс жактары боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Рейд иш-чарасынын жүрүшүндө жашы жете элек өспүрүмдөргө спирт ичимдиктерин, тамеки сатууга тыюу салынаарын соода кылуучу дүкөндөрдүн ээлерине эскертилди. Аламүдүн районундагы 17 айылда балдардын терс жалдорго түшүүсүнө жол бербөө үчүн жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуу иштери жүргүзүлдү.

Район аймагындагы орто мектептерде “Мектеп рэкетчилигине жол бербөө”, “Массалык мушташтарды алдын алуу”. ошондой эле “Эрте турмуш куруунун кесепеттери” тууралуу лекциялар окулду.

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *