Аламүдүн районунун жашоочулары менен жолугушууда маанилүү маселелер талкууланды

Аламүдүн районунун Лебединовка айыл аймагында жергиликтүү жашоочулар менен жолгушуу болуп өттү. Аталган иш чара Аламүдүн РИИБдүн, райондук мамлекеттик администрациясы жана Лебединовка айыл аймагынын жетекчилигинин демилгеси менен уюштурулду. Иш-чарага Аламүдүн районунун акими Анаркулов Бактибек Кочкорович, РИИБдүн башчысы милициянын полковниги Эркинбаев Нурланбек Майрамбекович, социалдык өнүктүрүү кызматынын жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имамдар ошондой эле жергиликтүү жашоочулар катышышты.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгы РИИБдүн жетекчилиги тарабынан кенен жеткирилди. Анда акыркы учурда тойлорду өткөрүү, маркумду акыркы сапарга узатып куран окутуу сыяктуу иш-чаралар ашыкча чыгымдар менен өтөрүлүп келгени айтылды. Ошондой эле ар бир үй-бүлөнүн жашоо шарты бирдей болбогондуктан колунда жок үй-бүлөлөр үчүн жогорудагыдай иш-чараларды өткөрүү өзгөчө чыгымга алып келип, көптөгөн үй-бүлөлөр карызга баткан учурларын белигилеп өтүштү. Бул маселелер эл ичиндеги эң чоң көйгөйлөрдүн бири болгондуктан Президентибиздин Жарлыгы көпчүлүк жашоочулар тарабынан колдоого алынып, аны тартипке келтирүү үчүн мындай түшүндүрүү иштери ар дайым жүргүзүлүп туруусу зарылдыгы белгиленди.

Андан сырткары Лебединовка айыл аймагындагы көйгөйлүү маселелер жергиликтүү жашоочулар тарабынан көтөрүлүп, алар тиешелүү мамлекеттик кызматтардын жетекчилери  тарабынан көзөмөлгө алынаары айтылып, ар бир маселе жеринде чечилээри убада кылынды.

 

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *