Чүй ОИИББда Аялдардын эл аралык күнү белгиленди

 

Бүгүн, 2022-жылдын 7-март күнү Чүй ОИИББда 8-Март Аялдардын эл аралык күнү белгиленди. Ага Чүй ОИИББнын жетекчилиги, ардагерлери жана өзүк курам катышышты.

Иш-чарада Чүй ОИИББнын башчысы милициянын полковниги Асаналиев Сапарбек Тилекович 8-Март — Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады. Анда, “Ардактуу айымдар! Сиздерди Чүй ОИИББнын мырзаларынын жана  жеке өзүмдүн атымдан жагымдуу жаз майрамы – 8-март Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм. Ички иштер органдарында кызмат өтөп, көп ийгиликтерди жараткан сыймыктуу айымдар арбын. Сиздер жумушуңуздарды ар дайым жоопкерчилик менен аткарып, Чүй облусунун ИИОнун жетишкендиктерине чоң салымдарыңыздарды кошуп келесиздер. Ошондой эле жаштыгын бүт ички иштер органдарында кызмат өтөөгө арнаган апаларыбыз, ар дайым бизге кеңештериңиздерди берип келесиздер. Сиздерге чың ден соолук, кажыбас кайрат, үй-бүлөлүк бакыт, жумушуңуздарга ийгиликтерди каалайбыз!”-деди.

Майрамдык салтанатта кызматкер айымдарга медалдар, мактоо баракчалар жана башка сыйлыктар тапшырылды.

Майрамдык иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Мындай Аялдардын эл аралык күнүнө арналган иш-чаралар Чүй облусунун баардык ички иштер бөлүмдөрүндө белгиленди.

 

Leave a Reply

Your email address will not be published. Required fields are marked *